Бишкекте изделип жаткан 13 жаштагы Айжамал Садырбекова аман-эсен табылды
Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан Айжамал Садырбекова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Милициянын маалыматына таянсак, ал кечээ, 11-февралда саат 23:30 чамасында борбор калаанын аймагынан табылган.
Учурда милиция иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат.
Эске салсак, борбор калаанын Э.Б. аттуу тургуну райондук милицияга арыз менен кайрылып, 2008-жылы туулган кызы Айжамал Садырбекова Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн кечээ болжол менен саат 10:30да чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан. Ошондой эле ал кызын табууга көмөктөшүүнү суранган.
Белгилей өтсөк, буга чейин Бишкекте Айжамал Садырбекова дайынсыз болуп изделип жатканы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
-3

Комментарийлер(1)
joke81kg

12.02.2022. 13:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы жаштардын нерви жука урушуп койсон уйдон качып кетет тиктокто юутубда кантип качыш керек кантип атыш керек кантип асыныш керек баары бар телефон жаштарды бузуп жатат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.