super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Өлкөдө эч бир жер анклавга айланбайт"

 

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы Исмаил Исаковдун жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегине комментарий берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, эч бир жер анклавга айланбайт. Ошондой эле ал саясатчыны такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырган.

"Эч качан Исфара-Чоркух-Ак Сай-Ворух жолуна эл аралык статус берилбейт! Бул айтканыңыз кыргыз элине кылган чыккынчылыгыңыз болот. Төрт-Көчөнү сиз да бергиңиз келип турабы, менин барымда берилбейт! Бир гана Ак Сай-Ворух жолу протоколго ылайык эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык жолдун статусу аныкталып, андан соң салынат. Кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде көрсөтө албаймын.
Коңшулар бизге окшоп мамлекеттик комиссия түзгөн протоколдорду ачык талкуулап сырын ачып салбайт. Ошондуктан мен дагы 39-протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептеймин.
Комиссияны жоюуга эч кандай негиз жок, Исмаил Исаков кааласа комиссияга кошуп алалы иштеп берсин. Бирок далилсиз, компетентсиз сөздөрүн таратууну мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн токтотуш керек. Эгер ушунчалык эле күйүп-бышып жатсаңыз, аскер адамы катары сыр сактоону негиз кылып сурасаныз баарына жабык иретинде жооп берүүгө даярбыз", - деп жазып калтырган Ташиев.
Мындан тышкары 2021-жылдын 1-майында кабыл алынган протокол кабыл алынгандай аткарылса, эки өлкөгө тең ыңгайлуу болорун, ошол эле учурда башка бардык чек ара тилкелерин толук тактап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн жазган.
Эске салсак, буга чейин саясатчы Исмаил Исаков жергиликтүү басылмалардын биринде чек ара маселеси боюнча маек курган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
12.02.2022. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тажиктер варухка жол берсеңер чек араны тактайбыз деген окшойт. Тажиктерге жол бербеш керек. Варухтан качып чыгып кеткидей кылып жолду бууп салыш керек.
12.02.2022. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эгерде мамлекеттин пайдасына чечип жатса эмнесин жашырышат.Элге ошол жашырып жатканыңар күмөндүү болуп жатпайбы урматтуулар
12.02.2022. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балп этип сүйлөп алып уят болбой эл менен ошол жерлерди жакшы билген кесипкөй адистерден кеңеш алып анан тактагылачы 98 жыл мурда ата бабаң бир нерсени түшүнүп кол койгон эмес.Союз убагында кол койбой коюш өтө коркунучтуу болчу.
13.02.2022. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер азыр таджик тарап бизден жол сурап жатса иши түшүп турат.Эгер жол салынып иши бүтсүн сени тааныбай калат өзү билгенин кылат
Бизде Лейлекте(са.т там айланганча р)деген сөз бар.Азыркы бийлик кетсе анан башталат
13.02.2022. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми экооңорго эч ким ишенбейт, айтат кайтат эл билип калды силерди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: