Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, ал 63 жашында Майлуу-Суудагы үйүндө көз жумду. Азырынча эмнеден улам каза болгону белгисиз.
Молдомуса Конгантиев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай айылында 1958-жылы жарык дүйнөгө келген. 2008-жылдан 2010-жылга чейин ички иштер министри кызматын аркалаган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Молдомуса Конгантиевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
1

Мыкты Генерал