"Түндүк электр": "Эртеңден баштап карызы бар 2 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт"
"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясына карызы бар 2 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, карызы бар абоненттердин жарыгы эртең, 15-февралдан баштап аралыктан өчүрүлө баштайт.
"Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты "Түндүк электр" ААКсынын расмий сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.