Бишкекте атайын нан үчүн деген аталыштагы урналар пайда болду
Бишкекте таштандыга ыргытылган нандар үчүн атайын урналар пайда болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Урналар жаш активисттер тарабынан демилгеленип, шаар тургундарына таштандыларды сорттоо ыкмасын үйрөттү.
"Мындай ыкма таштанды челектеринин жанында кароосуз калган жаныбарлардын санын азайтууга жардам берет. Активисттер мөөнөтү өтүп кеткен нан азыктарын экспорттоону колго алып, муну менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетип жатышат. Жыл ичинде мындай 1500 урнаны орнотуу пландалууда. Борбор калаанын муниципалитети активисттерге демилгелери жана шаардын тазалыгына кам көрүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, борбор калаанын тургундарынан нанды ошол жерге таштоону суранат", - деп жазылат маалыматта.




1 |