Кара-Балтадагы окуучулардын мушташы: Жабыркаган өспүрүмдүн абалы айтылды
Чүй облусунун Жайыл районунда эки мектептин окуучулары мушташып, бир өспүрүм ооруканага түшкөн. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан мушташтын бардык катышуучулары аныкталганын, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Ал эми Жайыл аймактык ооруканасына байланышып, өспүрүмдүн жаракаты, абалы тууралуу билдик.
"15 жаштагы А.Д. Панфилов районундагы №4 мектепте 8-класстын окуучусу. 13-февралда "Тез жардам" кызматы менен ооруканага түштү. Анын аркасында бычактан алган жаракаты бар. Анын жарааттары тигилди. Абалы канааттандырарлык", - дешти ооруканадан.
Белгилей кетсек, 13-февралда саат 17:21 чамасында милицияга Кара-Балта шаарынын биринде жайгашкан стадиондо балдар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Мушташтын кесепетинен 15 жаштагы окуучу жаракат алып, ооруканага кайрылган. Ал эми жабырлануучунун апасы милицияга арыз менен кайрылды.

