super.kg logo

Сокулукта сабалган ымыркай: Баланын ата-энесинин ата-эне укуктары чектелди

 

Сокулукта сабалган эки жашар баланын ата-энесинин ата-энелик укуктары чектелди. Бул тууралуу Балдардын укуктарын коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, зордук-зомбулукка кабылган баланын мындан аркы жашоосун аныктоо үчүн Сокулук районунун балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

"Ага ылайык, сабалган баланын ата-энесинин жана чоң энесинин пикирин уктук. Жыйынтыгында анын ата-энесинин укуктарын чектөө жана балдарды убактылуу чоң энеси Натальянын карамагына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды", - деген ал.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланган. Ошондой эле 2 жашар баланы токмоктоого шектүү адам камакка алынган.

Көп узабай атасы баланы иш берүүчүсү сабаганын айтып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.02.2022. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эрсиреген акмакты жакшы кылыпсынар,шефинен тороп алсын.Баланын келечегин ден-соолугун ойлобой ойношун актап журот.
Gulina00 түзөттү 2022-02-14 16:05:55
14.02.2022. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким сабаганын эч эле жазышпады да, ошончолук корко турган адам бекен ал.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: