Өлкөдө эң жогорку пенсия канча сомду түзөт? Социалдык фонддун жообу
Кыргыз өлкөсүндө эң көп пенсия 179 миң сом, ал эми эң аз пенсияны эмгек стажысы жок адамдар алышат. Ал 1500 сомду түзөт. Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасынын орун басары Kaktus.media сайтына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эң көп пенсия алган адамдын 46 жылдык тажрыйбасы бар, жашы 70тен ашса да бүгүнкү күндө ишин улантууда.
"Ал жаран (ред.: эң көп пенсия алган) буга чейин социалдык фонддун бюджетине 19 миллион сом киреше алып келишкен. Ал эми башкалар орто эсеп менен 1 жарым -2 миллион сом киреше алып келишет. Анан кантип бул адамдын пенсиясын алганга укугубуз бар? Бул анын маңдай тери менен тапкан акчасы. Ал төлөмдөрдү төлөп эле тим болбостон дээрлик 40ка жакын пенсионерди багып келген. Тагыраагы, пенсия эмгек стажыңызга карап берилет", - деген ал.


Хотя Отунбаеваныкы да 100 миндин устундо.