super.kg logo

Жазаларды аткаруу кызматынын жабык аскер бөлүгүндө ачык эшик күнү өттү

 

Жаза аткаруу кызматынын кайтаруу жана күзөтүү департаменти Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага согуштун ардагерлеринен тышкары, Токмок шаарынан Чүй мектеп-интернатындагы балдар чакырылган. Алгач аскер бөлүктүн аймагына чакырылган коноктор, кайтаруу жана күзөттөө департаментинин ардагерлери, мектеп-интернаттын тарбиялануучулары, офицерлер жана аскер кызматкерлери жаш балатыларды отургузду.

Кийин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Улан Бердикожоев мындай ишембиликтер салт катары ар жылы өткөрүлүп келгенин айтып, бул өсүп келе жаткан муун үчүн патриоттуулуктун жакшы үлгүсү болуп саналарын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго жана аскер кызматкерлерине Ооганстандагы согуш кантип жана эмне үчүн башталганы, кандайча өнүгүп, кантип аяктаганы, ал жерге Кыргыз өлкөсүнөн барган интернационалист жоокерлердин катышуусу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Ал эми аягында атайын концерт уюштурулду. Ошондой эле балдар үчүн бөлүктүн аймагына кызыктуу экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө алар заманбап аскердик техникаларды жана курал-жарактарды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле көрсөтмөлүү сабактар ​​көрсөтүлүп, түшкү тамак уюштурулуп, бардыгы даамдуу солдат боткосунан даам татышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: