super.kg logo

Зомбулукка кабылган аялдарды жана балдарды коргоо тууралуу окуу куралдары жарык көрдү

 

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды жана балдарды коргоо тууралуу окуу куралдарынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин, «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» фондунун колдоосу менен өкмөттүн аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюуга багытталган демилгесинин алкагында БУУнун жана Европа Биримдиги тарабынан «Жарык шооласы» аттуу китеп окуу куралдары жарык көрдү. Ошондой эле инспекторлор жана участкалык милиция кызматкери үчүн «Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдар жана балдар үчүн укук коргоо жана сот адилеттиги чөйрөсүндө негизги кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттуу операциялык жол-жоболору» аттуу окуу куралы даярдалып, басылып чыккан. Алар республика боюнча милициянын участкалык инспекторлоруна жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлорго тапшырылат.

“Китепче мектептердеги психологдор жана мугалимдер үчүн, ошондой эле жабыр тарткан балдарга кызмат көрсөтүүгө кызыкдар окурмандардын кеңири чөйрөсү үчүн дагы пайдалуу”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: