Жогорку кесиптик окуу жайларда 83 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алууда
Кыргыз өлкөсүндө быйылкы окуу жылына карата жогорку кесиптик окуу жайында 83 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алууда. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-окуу жылынын башталышына карата республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында 83 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алат же жалпы студенттердин 35 пайыздан ашыгын түздү.
Басымдуу бөлүгү - 59 миңден ашык адам же 71% КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер, алардын саны беш жыл аралыгында 7,7 эсеге көбөйгөн. Муну менен бирге Өзбекстандан келген студенттердин саны кыйла өстү, окуп жаткандардын жалпы санынын үлүшү 5 жыл аралыгында 11пайыздан 90 пайызга чейин көбөйгөн.
Ошол эле убакта 2017/2018-окуу жылынын башталышына салыштырмалуу Казакстандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче, 43% дан 3% чейин төмөндөгөн.
КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттердин саны
(окуу жылынын башталышына карата, пайыз менен)
2017/2018 2021/2022
___________________________________________________________________________________________


Эн коп чет олколук студенттер булар Пакистан менен Индиядан келген студенттер..... Алардан кийин гана озбекистандыктар....