super.kg logo

Жаңы дайындалган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин өмүр баяны

 

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Алмазбек Бейшеналиев 1981-жылдын 2-июнунда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.

Ал 1998-жылы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетине англис тили жана адабияты адистигине тапшырган (окуп жатканда Германияга которулган). 2007-жылы Людвигсбургдагы (Германия) PH-Ludwigsburg педагогикалык университетин (дидактика жана англис тили) аяктаган. Педагогика илимдеринин кандидаты. Тарых илимдеринин доктору.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2007-2010-жылдары - Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы;

2008-2010-жылдары - Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу;

2012-2013-жылдары - Вистула университетинин (Варшава, Польша) вице-президенти, Чет тилдер институтунун директору, проректору:

2013-жылы - Түндүк Айова университетинин чакыртылган профессору (АКШ);

2013-2014-жылы - Жонс Хопкинс университетинде пост-докторантурадан өткөн (АКШ);

2014–2017-жылдары - Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору;

2016-2017-жылдары - Жонс Хопкинс университетинин чакыртылган профессору;

2017–2018-жылдары - Өкмөттүк аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

2018-жылы - Борбор Азия регионалдык институтунун директору, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору;

2020-жылдын октябрь айынан бери билим берүү жана илим министри кызматын аркалап, 5-майда кызматтан алынган.

2021-жылы Кыргыздын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: