super.kg logo

Садыр Жапаров Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу.

"Ооган согушунун урматтуу ардагерлери! Урматтуу жоокерлер жана сержанттар! Жолдош офицерлер жана генералдар! Урматтуу мекендештер!

15-февраль күнүн “Ооган” согушунда курман болгондорду эскерүү менен ооган ардегерлерине урмат-сый көрсөтүү күнү катары белгилөө тарыхый салт болуп келет.

Алты жүз жыйырма миң советтик аскер катышып, тогуз жыл бир ай жана он тогуз күнгө созулган Ооган согушу 33 жыл мурун аяктаганы баарыбызга маалым.

Советтик аскерлердин катарында сиздер да тайманбай, өлүмгө тике карап, душмандардын көптөгөн колун жок кылып, мизин кайтарып келгенсиздер. Баскан ар бир кадам кооптуу болгон бул согуш аймактарында жер шартын мыкты билген жоонун катуу каршылыктарына карабастан, төрт жүз он алты масштабдык пландуу операциялар жүргүзүлүп, ийгиликтүү аяктаганына күбөсүздөр.

Тилекке каршы, Ооган жаңжалы элибиздин башына түшкөн жалгыз оор сыноо болгон жок. «Ооган синдромун» туура он жылдан кийин көз карандысыз Кыргыз Республикасына коркунуч жаратып, мекенибиздин чегине ачыктан-ачык кол салган эл аралык террорчулук кайрадан эске салган эле. Тарыхта “Баткен окуясы” деген ат менен калган бул куралдуу кагылышта мекенди коргоо чакырыгына биринчи болуп Ооган ардагерлери тикесинен тик туруп, аттанып чыгышкан.

Мына ошондуктан Ооган согушунун ардагерлеринин аттары өлкөбүздүн чыныгы атуулдары катары түбөлүккө сакталып калат деп бекем ишенем. Мындай маанилүү күндү атайын белгилеп, ооганчылардын эрдиктерин даңазалоо жаш муундардын мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп, тарбия-таалим берүү – мамлекеттин негизги максаты экенин баса белгилеп кетким келет. Соңку тарыхыбызда согуш илебин сезип, ата журтубуздун башына келген мүшкүлдү жүрөгү менен өткөргөн биздин коомчулугубуз интернационалисттик жоокерлерге, алардын ичинде сиздерге – Ооган согушунун катышуучуларына ар дайым урмат-сый менен мамиле кылат. Куралдуу кагылыштардагы баатырдык эрдигиңиздерге ар дайым таазим этет.

Урматтуу ооган ардагерлери!

Сиздерди дагы бир жолу советтик аскерлердин Оогандан чыгарылышынын 33 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздер мындан ары дагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү үчүн баа жеткис күжүрмөн тажрыйбанын мыкты үлгүсү бойдон кала бересиздер.

Сиздерге жана жакындарыңызга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш каалайм.

Бар болуңуздар!", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: