super.kg logo

Бишкекте “Кыргыздын салттуу элечеги” аттуу көргөзмө өтөт

 
Бишкекте 28-ноябрдан 12-декабрга чейин “Кыргыздын салттуу элечеги” аттуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тарых музейинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, “Элечек” долбоору кыргыздын үй-бүлөлүү аялзатынын улуттук баш кийими элечекти калыптандыруу боюнча өз ишин Кристенсен фондунун колдоосунда 2013-жылдын январь айынан баштаган. 
Көргөзмөдө Мамлекеттик кинофотофон архивинин жана КРнын Мамлекеттик тарых музейинин фондундагы тарыхый сүрөттөр,  экспонаттар коюлат. 
Мындан сырткары аталган долбоордун алкагында даярдалган элечектин түрлөрү коюлат. Бул элечектер Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Тажикстандын Мургаб районунан чогултулган тарыхый-этнографиялык изилдөөнүн материалдарынын негизинде жасалган. 
Көргөзмөнүн ачылышында “Элечек” долбоору изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча басылган китептин бет ачарын өткөрөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: