super.kg logo

Жалал-Абадда Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

 

Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш паркында Ооган жергесинен советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгы жана согушта курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ардагерлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

"Эскерүү иш-чарасы эстеликке гүл коюу менен башталды. Андан соң шаар мэри Эрнисбек Ормоков Ооган согушунда курман болгондордун жана ардагерлердин эрдиктери түбөлүк элдин эсинде сакталып, тарыхта алтын тамгалар менен жазылып кала бере тургандыгын белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында учурда Ооган согушуна катышкан 80 ардагер бар. Аларга жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан ар кандай колдоолор көрсөтүлүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: