super.kg logo

Кыргыз өлкөсү Украинадагы акыркы кырдаалга кылдат көз салууда

 

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсү Украинада орун алган кырдаалга кылдат көз салып жатканын кабарлайт. Тышкы саясий ведомство Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Киевдеги чет мамлекеттердин элчиликтери менен түз байланышта.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилиги штаттык режимде иштеп жатат.

"Элчилик маалыматтык колдоо алуу үчүн кайрылган Кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуп турат. Аларга объективдүү жана толук түшүндүрмөлөр берилип, кырдаал боюнча ишенимдүү маалымат алуу үчүн биринчи кезекте украин бийлигинин расмий маалыматына жана билдирүүлөрүнө көз салуу сунушталат.

Ошондой эле зарыл болгон учурда кабыл алуучу өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандары жана алардын үй-бүлөлөрү коммерциялык каттамдар менен Украинадан өз алдынча чыгып кете алышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Жарандардын кайрылуулары үчүн: +380997573413 ишеним телефону, ошондой эле элчиликтин WhatsApp тобу иштейт.

Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуу бүткүл дүйнөнү кооптонтуп турат. Көпчүлүк Европа өлкөлөрү өздөрүнүн жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырса, айрым элчилер үй-бүлөсүн алып Украинадан чыгып кетүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
15.02.2022. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар озу не талашып атат?
15.02.2022. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Саткын, фашист орус эч эле тынчтык бербей калдыго.
15.02.2022. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Россия Украина менен чектеш аймака 130 000солдатын алып барып, оор согуштук техникаларды алып бардыртып машыктыруу откоруп жатканынын себеби; Украина НАТОнун курамына кируу алдында турат. Россия буга каршы. Эгер НАТОнун курамына киребиз деген чечиминен баш тартпаса Путин ок чыгарууга буйрук берет.Эмнеге? Себеби Украина НАТОго кирсе Россия НАТОнун курчоосунда калат. Мисалы НАТО Россияга кол салгысы келсе эн жакын мамлекет Украина аркылуу кол салат. НАТО курамына 30 мамлекетти камтыган чон союз!
15.02.2022. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Путин оз олкосунун коопсуздугу учун аракет жасап жатат. Украинанын НАТОго кируусунун бирден бир себеби алар дагы оз кызыкчылыгын, коопсуздугун ойлоп жатат. Крымды алдырып койгондон кийин булар оз элинин, жеринин коопсуздугун ойлоп кучтуу мамлекеттер менен союздаш болуп жеринин бутундугун сактагысы келип жатат.
akmanai түзөттү 2022-02-15 18:14:49
15.02.2022. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кыргыз өлкөсү Украинадагы акыркы кырдаалга кылдат көз салууда...
________________________

Кыргыз олкосунун колунан не келет? Эмнени озгорто алат? Кокус согуш тутанып кетсе, Кыргызстандын колунан не келет? Кыргыз олкосу чондор урушуп жатса, тээ арыда чимкириги куюлуп карап турган жаш баладан айырмасы канча?

Кырдаалга коз салабы жокпу не озгорот?

Кытай айтса жарашат, кырдаалга коз салып турабыз азырынча, калганын кийин коро жатаарбыз деп.
15.02.2022. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Antiradikal10,ушул сен жаман эле наалыдынго Асан кайгы
Gold81 түзөттү 2022-02-15 20:10:49
15.02.2022. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Antiradikal10,сен дагы кайдан пайда боло калдың
15.02.2022. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура эле көз салып турабыз дегени 1000 ден ашуун Кыргызстандын жараны Украинада окуп иштешет экен, кокус бир нерсе болуп кетсе өз жарандарыбызды алып чыгып кеткенге даярбыз деген маанини эле билдирет!
16.02.2022. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар Ким денгелине жараша тушунот,коз салганы туура эле соз..озубуздун жарандарга жардам бериш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: