Өлкөдө 23-февраль эс алуу күнү катары белгиленет
Өлкөдө 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү. Буга байланыштуу шаршемби эс алуу күнү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда билдирди.
Ага ылайык, бул күнү мамлекеттик кызматта иштеген жарандар эс алышат.
Эске салсак, аталган майрам 2003-жылдан тарта календарда кызыл дата болуп белгиленип келет.
Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып, жаш өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган.
Кыргыз мамлекетинен сырткары бул күн Орусия, Украина, Беларусь жана Тажикстанда белгиленет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.