super.kg logo

Садыр Жапаров Чүй облусундагы ири куюучу ишкананы кеңейтүү үчүн капсула салды

 

Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы "Вулкан плюс" куюу цехинин иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысына “Вулкан плюс” ЖЧКсы түзүлгөндөн бери 11 жыл аралыгында өлкөдөгү тоо-кен ишканалары жана цемент заводдору менен иштешип, тегирмендердин, майдалоочу жабдыктардын, мештерди жана автоунаалардын тетиктерин чыгарып келе жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Компания өз продукциясын чыгаруу жана тейлөө үчүн жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу кадрларды топтой алды. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 30 миң тонна. Компаниянын продукциялары өлкө ичинде да, коңшу мамлекеттердин базарларында да сатылат. Акыркы 5 жылдын ичинде компания өлкөдөгү эң ийгиликтүү 200 компаниянын катарына кирди. 2021-жылга товардык продукциянын көлөмү 727,5 миллион сомду түздү.
Мындан тышкары, президентти аталган ишкананын базасында майдалоочу шарларды жана металл буюмдарын куюу үчүн линияны куруу долбоору менен тааныштырышты.

Ишкананы көрүү учурунда Садыр Жапаров “Вулкан Плюс” ЖЧКсынын тоо-кен таштарын майдалоочу шарларды жана металл буюмдарды куюучу линиясынын курулушу үчүн капсула салды.

Аны ишке киргизүү ишкананын өндүрүмдүүлүгүн жылына 100 миң тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы майдалоочу шарларды жана металл буюмдарын өндүрүү тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө жана оор техникаларды өз алдынча чыгарууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Садыр Жапаров өлкөбүздө мындай ишканалардын ачылышы жалпы Кыргыз өлкөсүнүн өндүрүшүн, айыл чарбасын, транспортун жана экономикасын өнүктүрүүгө салым кошот деген ишенимин билдирди. Мындай ири ишкананын кеңейиши өнөр жайдын өнүгүшүнө, ички инвесторлорду колдоого оң таасирин тийгизет.

Компаниянын жетекчилиги белгилегендей, бул окуя ата мекендик өнөр жай тармагы үчүн маанилүү жана өлкөнүн металлургия өндүрүшүн өнүктүрүүгө мамлекеттин умтулуусун тастыктайт. Бул линиянын иштеши райондун өндүрүштүк жана социалдык өнүгүшүндө да чоң роль ойнойт.

Мамлекет башчысы белгилегендей, ишкерлерди колдоо мамлекеттин экономика тармагындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.

Президент Садыр Жапаров өндүрүшкө заманбап технологияларды жигердүү киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттик структуралар өз кезегинде ишкердикти өнүктүрүү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерди уланта берерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(7)
15.02.2022. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудакааласа ак жолтой Президент болдунуз. Ийгилик сизге урматтуу Президент мырза.
15.02.2022. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
suban78, сууну сатып элин кыйнаса ак жолтой болобу? :))))))))
15.02.2022. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба мындан мыкты иштеген ажону коруп да угалекмин. Буйруса Кыргызстаныбыз онуккон олколордун катарына кошулат ИнШшАлла.
15.02.2022. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ErkinOkenovich, мыкты иштеген дейби? Бийликке бут апендилерди, ууруларды, чимкириктерди топтоп алып биринен сала экинчиси калп айтып отурса, кааласа алтынды, кааласа сууну сатып байып жатышса, ушулбу мыкты иштегени?!
15.02.2022. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal10, Сенин сүйлөгөнүң, ...үктүн үйлөгөнү.
15.02.2022. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр Нургожоевич алга!
16.02.2022. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Цементи тушолекте тартып алгансынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: