"Коюлган милдеттерди аткарууга күчүмдү жумшайм". Улукбек Марипов элчи кызматына расмий түрдө киришти



Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Арабия падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов элчи кызматына расмий түрдө киришти. Бул туурасында ал өзү билдирди.
"Эр-Рияд шаарына келип, Сауд Арабия падышалыгындагы Кыргыз өлкөсүнүн элчи кызматына расмий түрдө кириштим. 14-февралда падышалыктын тышкы иштер министринин орун басары Халид Фейсал Аль-Сехлиге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырдым.
Дипломатиялык миссиямдын жүрүшүндө Кыргыз мамлекети менен Сауд Арабия падышалыгынын ортосундагы ар тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч аракетимди жумшайм", - деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушууда актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги пландаштырылган сапарлар талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.