super.kg logo

"Көчмөндөр мурасы" компаниясы сунуштаган 32 долбоор президент тарабынан жактырылды

 
Президент Садыр Жапаров "Көчмөндөр мурасы" Улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө компаниянын 32 долбоору сунушталды дешет президенттик администрациядан.
Маалым болгондой, сунушталган демилгелердин арасында Ысык-Көл облусунда цемент заводунун курулушу, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миллион тонна болгон "Кавак" күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү долбоору, Куттисай, Талды-Булак, Андаш кендерин өздөштүрүү бар. Андан тышкары Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын колдоо жана өнүктүрүү долбоору, өнөр-жай жана кайра иштетүү ишканаларын куруу бар.
Мамлекет башчысы сунуш кылынган долбоорлордун концепциясын жактырып, "Көчмөндөрдүн мурасы" компаниясынын 2022-жылга карата бюджетин бекитип, долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Сунушталган бардык долбоорлор көрсөтүлгөн убактысында аткарылышы керек. Бул демилгелер социалдык-экономикалык маселелердин комплексин камтыйт, андыктан алардын эффективдүүлүгү жана өзүн актоосу биз үчүн өтө маанилүү", - деп белгиледи президент.
Маалымкат: "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы 2021-жылдын 29-январында түзүлгөн.
Мекеменин негизги максаттарынын бири - эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен жер казынасын пайдалануу жана экономиканын аны менен байланышкан тармактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу концентрациялоого жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: