Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн керектүү документтер
Бүгүн, 16-февралда Жалпы республикалык тестирлөө тууралуу маалымат жыйын өтүп жатат.
Жыйынга мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев, Билимдерди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева катышууда.
Анда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо боюнча керектүү документтер айтылды.
* Паспорт (же паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
* Орто билим жөнүндөгү аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү);
* ЖРТга каттоо акысын төлөгөнүн тастыктаган маалымат;
* Талаптарга ылайык келген электрондук фотосүрөт.
Быйыл Жалпы республикалык тестирлөө 23-майда башталып 28-майда аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.