super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман аялдаманын алдына унаалар токтотулуп турганына нааразы болду

 

Бишкек шаарынын тургуну порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылды.

Окурман борбор калаадагы аялдамаларда унаалардын токтоп турганына нааразы болду.

"Чүй Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада такси кызматынын унаалары турат. Алар автобус, троллейбустардын токтошуна тоскоолдук жаратып жатышат. Биз кары-картаңдар ары-бери коомдук унааларга түшө албай убара болуудабыз. Аялдаманын алдына катарынан тизилип алышкан. Ушундай дагы болмок беле? Ким көзөмөлдөйт? Аялдамаларга видеокамера коюлса жакшы болмок", - деди окурман.

Мындан тышкары жол эрежесине ылайык, унаалар аялдамага токтотууга тыюу салынганын кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: