super.kg logo

Акылбек Жапаров журналисттердин адамдардын көйгөйүнө кайдыгер эмес мамилеси сыйга татыктуу экенин айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепке барды. Билим берүү мекемесинин курулушу жыйынтыкталуу алдында тургандыгы жана 2022-жылдын 18-февралында пайдаланууга берилери белгилүү болду. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Акылбек Жапаров президенттин тапшырмасы боюнча министрлер кабинети тарабынан ишке ашырылып жаткан демилгелерди коомдук жана жарандык көзөмөлгө алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Ушул жылдын январь айында жергиликтүү бийлик органдары тапшырманын аткарылышы боюнча маалымат берген. Бирок өзүңүздөр көрүп тургандай, мектеп али пайдаланууга бериле элек. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын карапайым адамдардын көйгөйүнө карата кайдыгер эмес мамилеси сый-урматка татыктуу. Жарандык көзөмөл болгондо аткаруу бийлигинин алдындагы жоопкерчилик эки эсе жогорулайт. Мектептин курулушу аяктап калды, алдыда жыйынтыктоочу бөлүгү гана калды. Жума күнү ал балдарды кабыл ала баштайт", - деди Акылбек Жапаров.

Чет өлкөлөрдөн курулуш материалдарын ташып келүү мөөнөтү кечеңдегендиктен, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жыйынтыктоо мүмкүн болбой калгандыгы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: