super.kg logo

Быйыл Ош шаарына 35 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат

 
Быйыл Ош шаарына 35 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Бүгүн, 16-февралда Ош шаарында калааны жашылдандыруу максатында Бекмамат Осмонов көчөсүнө 95 түп ийне жалбырактуу колоновидная туя көчөттөрү отургузулду. Көчөт отургузууга мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, тиешелүү коммуналдык тармактардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
2022-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 000 бадал көчөтүн отургузуу пландалууда.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык, быйылкы жылы шаарды жашылдандырууга жана көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Жаз мезгилинде Ош шаарына 1,5 миллионго жакын гүл көчөтү, анын ичинде 6 миң жоогазын гүлү отургузулат. Мындан сырткары калаанын муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан 15 000ге жакын дарактардын көчөттөрү да тигилет. Ага кошумча 10 000 түп павловния отургузуу пландалууда", - деди мэр Алмаз Мамбетов.
Ошондой эле калаа башчы быйыл шаардын көчөлөрүнө ар түрдүү көчөттөрдү отургузууга басым жасала турганын билдирди.
"Быйыл шаарды ландшафттык дизайн, жашылдандыруу жана жасалгалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Ар бир көчөгө ар кандай сорттогу бак-дарактар отургузулат. Анын ичинде жай мезгилинде кычкылтектин пайда болушуна жана көлөкөнүн сакталышына өбөлгө түзгөн жазы жалбырактуу дарактарга басым жасайбыз", - деп белгиледи мэр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: