super.kg logo

Орусияда мигранттардын иштөөсүн чектеген тыюу салуулар боюнча элчиликтин жообу

 

Буга чейин Орусиянын 3 аймагында мигранттарды соода, коомдук транспорт, коомдук тамактануу тармагында иштөөгө тыюу салуу киргизилери маалымдалган. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги бул чектөөлөр Кыргыз жарандарына карата колдонулбай турганын маалымдайт.

"ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, мүчө мамлекеттер улуттук эмгек рыногун коргоо максатында өз мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү белгилебейт жана колдонбойт.

Эгерде Тюмень облусу, Калуга облусу, Ханты-Мансийсктеги орусиялык иш берүүчүлөр Кыргыз жарандарын ишке орноштуруудан баш тартуу фактылары болсо, элчилик электрондук почтага билдирүү жөнөтүүнү суранат", - дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, Тюмень облусунун губернатору жергиликтүү транспорттук компанияларда патенттин негизинде иштеген чет элдик жарандарды жумушка алууга тыюу салган токтомго кол койгону кабарланган.

Ал эми Калуга аймагында чет элдик жарандарга коомдук тамактануу, транспорт жана чекене соода тармагында иштөөгө тыюу салынарын райондун губернатору Владислав Шапша билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.02.2022. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынында биздин олко дипломаттары иштебей эле айлык жешет мына Европа олколору менен конкреттуу суйлошуу жургузуу керек биздин 1 жарым миллионго жетпеген миграттарыбызды алар жон эле батыра алат орустун акчасы бизден эле биртке ойдороок болгону жумушу жок эмес Жумуш менен Алек болгонун женишин а Европага барсан реально шарт бар Жана бутка турууга оной ошону биздин дипломаттар суйлошушу керек оруска кор болбой
17.02.2022. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
bayern-munchen,анан оз элибизде дагы тушунук ото начар маанисиз чыгымды коп кылабыз биртке байыса дердейип жол бербей 5тен ойдо обьемду машина айдагысы келет анан той десе котубузду дагы беребиз да суукта кыйналып иштейт келип Бир кундук тойго чачып койушат бул чоон ысырапчылык онукпогонубуздун эн башкы себеби ушул мисалы 200 тутун айылда жылына 20 той болот 20 миллиондук чыгым ошол акчага мини ишкана ачып ошол айылды темселетпей Жумуш менен камсыз кылса болот ынтымак бекем болуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: