super.kg logo

"Башты сурасаң бутту көрсөтүп, анальгин сурасаң цитрамон берет. Алымкадыр Бейшеналиев эмне себептен 17 медициналык окуу жай жабыларын айтты

 

Өлкөдөгү көпчүлүк медициналык окуу жайлар акча алып эле студенттерди окутпагандыктан 17 медициналык окуу жай жабылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында өлкөдөгү айрым жеке менчик медициналык окуу жайлар татыктуу билим бербегендиктен Кыргыз өлкөсү кара тизмеге кирип жатат.

"Биздин кээ бир окуу жайларыбызды Пакистан кара тизмеге киргизген. Себиби бизде окуп кеткен индиялыктар, пакистандыктар өздөрүнүн өлкөсүнө барып экзамен тапшырганда эч кимиси өтпөй калган. Алар баш каякта десе бутту көрсөтүшкөн да. Окубаса башты каяктан табат алар? Эмне үчүн дегенде биздин өлкөбүздөгү жеке менчик медициналык окуу жайлар окутпайт. Акча алып эле жүрө беришет. Ошон үчүн алар бизди кара тизмеге киргизип жатат.

Биз сүйлөшүп жатып өлкөдөгү төрт окуу жайды кара тизмеден чыгардык. Биздин өлкөдөн барган дипломдорду жаратышпайт экен.

Экинчиден, кээ бир медициналык окуу жайлар даярдап жаткан дарыгерлер өлкөбүздө калат. 10-15 жылдан кийин алар бизди, сен экөөбүздү дарылайт. Аналгин кана десең цитрамонду көрсөтүшөт. Анан экөөбүз айыга албай ооруп өлөбүз. Ал эми акчасы бар олигархтар билет, алар бул жактан дарыланбай АКШ, Германия жана башка жактан дарыланат. Ошон үчүн күйүп, акча алып эле окутпаган медициналык окуу жайларды жаптырып жатам", - деди Бейшеналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(7)
17.02.2022. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Туппа туура
17.02.2022. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Туура, сандан сапатка отуш керек.
17.02.2022. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Президент конул буруп койуш керек, болбосо бир министрдин алы келбей калышы мумкун.
17.02.2022. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туура эл колдосо кк сандан сапатка отконун.
18.02.2022. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да колдойм министрдин айтканын. Акча төлөп коюп окубай эле жумушка орношкон "эптемей"кадрлар көбөйдү. Мындай боло берсе мамлекеттин келечеги эмне болот?
18.02.2022. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сандан сапатка өтүүгө мезгил келди.
18.02.2022. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кылыптыр. Азыр чындап эле ошондой башынбы же ичинби ооруп барсаң кандай дары жакшы таасир берерин билишпейт болжолдоп эле сата беришет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: