super.kg logo

"Супер-Инфо" гезитинин 65 жаштагы каарманы элдин жардамы менен үйлүү болду

 

"Супер-Инфо" гезитинин 65 жаштагы каарманы Шабыркүл Байбосунова үйлүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын кызы Айдана Нарбаева маалымдады.

"Супер-Инфо" гезитине чыккандан кийин апам экөөбүз түшкөн ар бир жардамды дептерге жазып, акчасын чогулттук. Гезитте чыккандан кийин бизге жардам иретинде 200 миңге жакын акча түштү. Андан мурун башка кайрымдуу адамдар жардам беришкен. Бизге орусиядагы мекендештерге чейин жардам беришти. Чогулган акчага, тактап айтканда 4500 миң долларга Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылынан 2 бөлмөлүү үй алдык. Атын атагысы келбеген нарындык байке Mazda 6 үлгүсүндөгү унаасын белек катары берди. Бизге жардам берүү үчүн керек болсо 1 сом берген адамга да чоң рахматымды айтам. Алла ыраазы болсун. Бизге берген жардамыңыздар эселеп кайтсын. Эл бизге маңдай тери менен тапкан акчага үй алып берди. Бирок үйдүн ремонту бүтө элек. Үйдүн ичи суук, эшик-терезелери ачык. Терезени чүпүрөк менен жаап койдук. Ал эми апам жакында инсульт болду, ден соолугу жакшы болбой жатат", - деди Айдана Нарбаева.

Эскерте кетсек, "Супер-Инфо" гезитинин №956 санына тагдырдын оор сыноосуна кабылган каарманыбыз Шабыркүл Байбосунова боюнча материал жарыяланган. Анда ал 2005-жылдан бери төшөктө жатканы, жалгыз кызы аны багары маалым болгон.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Элсом 0707818150

ЭЛКАРТ: 9417219447327119


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
18.02.2022. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым ыраазы болсун жардам бергендерге эки эселеп Аллахым берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: