super.kg logo
  Саясат  

Министрлер кабинетинде энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги талкууланды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлор, энергетика тармагын өнүктүрүүгө арналган форумду уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк банк ортосундагы өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча юбилейлик иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Тараптар энергетика тармагын каржылык жактан күчтөндүрүү долбооруна өзгөчө басым жасады.

Азиз Аалиев белгилегендей, Дүйнөлүк банк негизги багыттарда реформаларды ишке ашырууда республиканын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат жана каржы институтунун өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи. Ал мындан ары карай да натыйжалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви министрлер кабинетинин демилгелерине колдоо көрсөтүүгө жана келечекте кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: