super.kg logo

Бишкекте Калык Акиевдин 130 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт

 
Акын жана комузчу Калык Акиевдин 130 жылдыгына карата Тарых музейинде көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда уюштуруучу топтун өкүлдөрү маалымдашты. 
Маалыматка караганда, көргөзмөнүн ачылышы 29-ноябрда болуп, 2013-жылдын аягына чейин уланмакчы. Анда көргөзмөгө келгендер улуу акын жана комузчу Калык Акиевдин өмүр баяны менен жакындан таанышып, акынга тиешелүү фотодокументтерди, жеке буюмдарын жана ырлар топтомун көрө алышат. 
 Калык Акиевдин “Калыктын ырлары” аталыштагы алгачкы китеби 1936-жылы басылып чыккан. Мындан тышкары 1938-жылы “Жаныш-Байыш”, “Курманбек” өңдүү элдик дастандар анын айтуусу боюнча жарыяланган. Ошондой эле “Баскан жол” деген көлөмдүү китепти эскерме катары жазып, окурмандарга сунуштаган. 
 Калык Акиев 1883-жылы Нарын облусунун азыркы Жумгал районундагы Кул-Жыгач айылында жарык дүйнөгө келип, 1953-жылы дүйнөдөн кайткан. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: