super.kg logo

Лимонтинин өлүмү: Жабырлануучу тарап Бишкек шаардык сотуна кайрылышы мүмкүн

 

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум болуп өттү. Анда сот айыпталуучу Талгат Шамиевди 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алып, жабырлануучу тарапка 120 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Соттун чечимине жабыркаган тарап нааразы. Алар эми Бишкек шаардык сотуна кайрылышы мүмкүн дешет Талгат Шамиевдин жакындары.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамиев аттуу жаран кармалган. Ал Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.

SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Талгат Шамиевдин атасы Имаш Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан өлтүрүлгөнү маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: