super.kg logo

Башкы прокуратура MegaCom компаниясынын жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

 

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында айрым адамдар тарабынан жогорку сапаттагы заманбап жабдууларды колдонуу менен алкоголдук продукцияларга акциздик маркаларды көп санда мыйзамсыз даярдоо уюштурулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, ИИМдин кызматкерлери К.Ж.Э. аттуу жарандын жашаган жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө 469 даана маркалоо коддору (QR коддору), 8 миң сапаты күмөн жараткан алкоголдук продукциялардын акциздик маркалары, ошондой эле аларды бузууга жана өзгөртүүгө арналган буюмдар жана каражаттар алынган.

"Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан К.Ж.Э. аттуу жаранга жана башка адамдарга, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына, "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоонун улуттук операторунун жооптуу адамдарына жана айрым алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон", - деп билдиришти прокуратурадан.

Учурда K.Ж.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: