super.kg logo

Бишкекте 56 жаштагы киши антибиотик алгандан кийин каза болду

 

Бишкек шаарынын 56 жаштагы тургуну антибиотик алгандан кийин анафилактикалык шок абалына түшүп көз жумду. Окуя 16-февралда №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болду.

Учурда дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти тарабынан маркумга сайылган экстенбензатин антибиотигине анализ жүргүзүлүүдө.

"М.Б. аттуу бейтап антибиотикти алгандан кийин анафилактикалык шок абалына түшүп каза болду. Азыркы тапта экстенбензатин каражатын колдонуудан кийин жаралган терс реакцияга талдоо жүрүгүзүлүп жатат.

Департаменттен маалымдашкандай, жыл башынан бери өз алдынча дарылангандар, дарыгердин көрсөтмөсү жок эле антибиотиктерди колдонгондор, ашыкча дары-дармек ичкендердин саны өсүп жатканы байкалууда. Анын кесепетинен 1 жарым ай аралыгында 4 адам каза болду", - дешет маалымат кызматынан.

Департамент дары-дармек каражаттарын колдонууда терс реакциялардын болбоосун алдын алуу максатында өлкөнүн бардык аймактарында мониторинг жүргүзөт. Аталган кызмат медициналык адистерди бейтаптарды терс реакциялар байкалган учурларда ыкчам маалымат берүүгө чакырат.

Байланыш үчүн 0800 800 26 26 ыкчам номерине чалсаңыз болот. Андан тышкары www.pharm.kg сайтындагы электрондук картаны толтуруу, MedSafety мобилдик тиркеме аркылуу же dlsmi@pharm.kg электрондук почтага маалымат жөнөтсөңүз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: