super.kg logo
  Саясат  

Талантбек Исаев: "2013-жылдын 10 айында 933 адам жол кырсыгынан каза болгон"

 
2013-жылдын 10 ай аралыгында автокырсыктан 933 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн 22-октябрдагы  “Ата Мекен” фракциясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев билдирди. 
“Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин адистери менен бирге текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Алар өлкө боюнча айдоочулукка үйрөткөн 204 мектеп бар экенин аныкташты. Текшерүүнүн жыйынтыгында автоунаа айдоого үйрөтүүчү мектептин 3ү гана тиешелүү талаптарга жооп берген. Дагы 60 мектептин лицензиясы жараксыз деп табылса, 39 мектепти жаба алышкан эмес”,- деди Талантбек Исаев. 
Мындан сырткары 2012-жылы жол кырсыгынан 1069 адам каза болгонун айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: