super.kg logo

Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызмат акысыз жана жеңилдетилген негизде көрсөтүлөт

 

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өтүп, анда 17 маселе каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызматты акысыз жана жеңилдетилген негизде көрсөтүү тууралуу министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды.

Ошондой эле Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмеси жана экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Белгилей кетсек, тизме аркылуу өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелери аныкталат.

Өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарды, атап айтканда Баткен облусун өнүктүрүү программасына киргизилген долбоорлор үчүн кепилдиктер берилет.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 22-февралда Баткен облусунда биринчи көчмө жыйын болорун, анда облустун инфраструктурасынын абалы, социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүгүүсү, жазгы талаа иштерине даярдыктар тууралуу маселелер караларын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин мүчөлөрү Өзбекстан Республикасынан минералдык жер семирткичтерди сатып алууга республикалык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүү чечимин кабыл алышты.

Ошондой эле асыл тукум мал чарбасы жана ирригация жаатындагы агрардык илимди өнүктүрүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө чечим долбоорлору жактырылды.

Мындан тышкары экспресс-тесттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга кошумча каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим жактырылды.

Министрлер кабинети 2022-жылга статистикалык программаны, өз алдынча куруп алган курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө убактылуу жобону бекитти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
19.02.2022. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсы кызматтар тизме кылып толук маалымат берип койгулачы, сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: