Эркинбек Каимов спикердин басма сөз катчысы болуп дайындалды
Эркинбек Каимов Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эркинбек Каимов буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын жана "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматтарын жетектеп, Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын төрагасы болуп иштеген.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясындагы "Ала-Тоо", "Жетиген", "Кыргызстан" жана "Кыргызстан жумалыгы" маалыматтык-аналитикалык программаларын алып барган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.