Мектептерге берүү үчүн 24 миңден ашык компьютер сатып алынат
Өлкөнүн мектептерине 24 миңден ашык компьютер берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жабдуулар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында сатып алынат. Буга чейин тендер жарыяланган. Жабдуулар менен 1 миң 200 мектеп (жалпы сандын 56 пайызы) жана 8 педагогикалык окуу жайлары камсыздалат.
"Максаттуу билим берүү мекемелери үчүн берилген компьютердик жабдуулардын жана оргтехниканын пакетине 20 персоналдык компьютер, 6 проектор, 2 тармак коммутатору, 1 үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу бирдиги (UPS) жана MFP (принтер+ксерокс+сканер) кирет. Мындан тышкары ар бир мектептин класстары 15 компьютердик стол, 15 отургуч жана системалык блок үчүн 15 тумбочка менен камсыздалат", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Ошондой эле Билим берүү министрлиги технология менен жабдуу балдардын заманбап жана сапаттуу билим алуусуна шарт түзөрүн кошумчалады. Буга байланыштуу окуу процессин технологиянын жардамы менен колдоо максатында долбоордун алкагында 5-11-класстар үчүн математика жана табигый так илимдерге (физика, химия жана биология) басым жасоо менен санариптик контент иштелип чыгып, санариптик окуу материалдары өлкөнүн бардык мектептерине жеткиликтүү болору айтылат.


Бир адам ай сайын 250 доллардан маяна алганда да (21 мин сомдон), жылына 3000 доллар табат. 40 жыл тынбай иштесе 120 мин доллар табат бир омур тынбай иштеп. Демек 2,4 миллион доллар кеминде 20 адамдын бир омур иштеп тапчу акчасы. Ал эми башкалар учун 1 айда асмандан тапчу акчасы.
Тендерден уткан бири эмне кылат? Кытайдан оптом сатып алат да, алып келип кураштырып Окмотко, билим беруу министрлигине откоруп берет. Тендерди уткан бирине ар бир компьютер бут чыгымдарды кошкондо 700 доллардан тушсо, ал ар бир компьютерди 900-1000 доллардан корсотушу мумкун. Эсептегиле ошондо канча табат?