Москвада документ алуу үчүн узун кезекке турган кыргыз мигранттары эсиңиздеби? ТИМ маселе чечилгенин кабарлады
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Москва шаарынын “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунда атайын өзүнчө кабыл алуу тилкеси уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февралдан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Москва шаарынын “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунда өзүнчө кабыл алуу тилкеси уюштурулду.
Бул чара Кыргыз жарандарына узун кезекти айланып өтүп, көп функционалдуу миграциялык борбору тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды (медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу, каттоо жана башка) тез алууга жеңилдик берет.
Буга чейин Орусиянын борбору Москва шаарында мигранттар медициналык кароодон өтүү үчүн таңдан түнгө чейин кезекке турууга аргасыз болуп жаткандыгы маалымдалган.


Позор!!!!!!!!!!!!
Маскарачылык!!!!!!!!!
Мигранттар Кыргызстанга акча которчу болсо чектоо бар.
Мигранттар иштегени барса чектоо бар.
Кана ЕАЭСтин мыйзамдары иштеп жатканы?
Кана акча, капитал, товар, жумушчулар ЕАЭСке мучо олколор ичинде эркин жургону?
Коридор сурагыча ЕАЭС олколоруно тиешеси жок деп чечим чыгартышпайбы?!
Ошону талап кылышпайбы бийликтеги акмактар?
Бир суроо: ошол Сахаровага барып жаткандардан...
Беларустар менен армяндар, казактар да барып жатабы Сахарового, кыргыздарга окшоп?
Европа, АКШ ж.б. жактан келгендер да пошел деп барышпаса да керек.
Коп жумушка Кыргызстанда да мед.справка сурашат. Оруссияда да коп жумушка алаарда же алгандан кийин орустар да, мигранттар да анализдер тапшырып мед.книжка алышат. Бирок ошол мед.книжкасы бар мигранттар да Сахарового барып повторно мед.осмотрдан отуп жатпайбы кенкелес! Ал эми орустарын мед.книжкасы болсо болбосо да Сахарового барбайт!
Мигранттардын акча которуусуна чектоо киргизбоо керек болчу. Бир айда 100 мин рублдан ашык акча которууга мумкун эмес деп чектоо киргизип салган Оруссия.
Эми бул мыйзамы. Эгер Оруссия озу биринчи болуп ЕАЭСтин принциптерине тукуруп жатса, анда ЕАЭСтин бизге кереги не?
Жогорудагы 3 мыйзам боюнча Кыргызстан бийлиги Путин менен чечишип алуусу керек,
Мисалы ОДКБны мисалга алалы. ОДКБ олколоруно тыштан кол салуу болгондо, ОДКБ жардам берууго милдеттуу болчу. Былтыры жазда Тажикистан бизге кол салып, биздин аймакка кирип келди. ОДКБ ордунан козголуп койгон жок. Ал эми Казахстанга тыштан кол салуу болбой, казак эли которулушко чыкса, жалпы казак элин террорист корсотуп ОДКБ Токаевге жардамга барды. Мындай ОДКБ Кыргызстанга керекпи?