super.kg logo

"Туризм өнүгөт". Ысык-Көл облусуна беш лыжа базасын куруу мерчемделүүдө

 

Ысык-Көл облусуна беш лыжа базасын куруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралда "ЗиЛ" тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү – 2022” кайрымдуулук фестивалы өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Ал өз сөзүндө туризм тармагында бир катар өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын белгилеп, бул тармакта инвесторлорду тартуу иштери күч алып жаткандыгын белгиледи. Кыргыз өлкөсүндө эл аралык деңгээлдеги тоо лыжа базалары пайда болушу керек. Анын үстүнөн өкмөт да, министрлик да иштеп жатат. Ошол эле учурда кышкы туризмге болгон кызыгуу жылдан жылга күчөп баратканын айтып, кыргыздар үчүн жайкы туризм адат болуп келсе, азыр кышкы туризм да адат боло баштады деп кубануу менен айтты.

"Тоо лыжасы класстери" долбоорунун алкагында Ысык-Көлгө лыжа базаларын курууга болжолдуу түрдө беш жер тилкеси аныкталды. Ысык-Көлдө бирөө эле лыжа базасы бар. Андыктан жакынкы жылдары дал ушул жакка көңүл буруу пландалууда. Албетте, башка аймактар дагы каралып жатат", — деди Жаманкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: