super.kg logo
  Саясат  

Бишкектик мугалим Москвадагы сынактан жеңип келди

 
Бишкек шаарындагы №24-мектеп-гимназиясынын мугалими Екатерина Давиденко Москвада өткөн “Чет мамлекеттеги мыкты орус тил мугалими” эл аралык сынагында “Чыгармачылыгын эркин көрсөткөндүгү үчүн” сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, быйыл бул сынакка КМШ өлкөлөрүнөн жана Балтикадан 300гө жакын орус тилинин мугалимдери катышкан. Сынакка барган кыргызстандык мугалимдердин саны 29ду түзгөн. Катышуучулардын ар бири сынак учурунда орус тили боюнча сабак берүүнүн мыкты жолдорун көрсөтүп, чечендик өнөр боюнча таймашып, тесттерди толтуруп, чыгармачылыкты талап кылган атайын тапшырмаларды аткарышкан. Натыйжада 15 мамлекеттен барган 15 мугалим финалга чыгып, ар кандай сыйлыктарга ээ болушкан. 
Белгилей кетсек, “Чет мамлекеттеги мыкты орус тил мугалими” сынагы 15-18-ноябрь күндөрү Москва шаарында өткөн. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: