super.kg logo
  Саясат  

Ош. Борбордук аянтта Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүүдө

 

Ош облусунун борбордук аянтында бүгүн, 22-ноябрда башкы прокурор Аида Салянова тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады. Анын айтымында, чогулгандардын саны 300-400дү түздү.

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. 

Депутатты бошотуу талабы менен кечээ, 21-ноябрда Ош облусунун Алай районунда жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Жол тосуу менен уланган митингдин уюштуруучулары жолду кечки саат 17:15те ачышкан. Бишкекте 21-ноябрда Ак үйдүн алдында да депутатты бошотуу талабы менен митинг өткөн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: