Бейшемби күнү Бишкектин эки конушунда таза суу убактылуу берилбейт
Бишкектин Мурас-Ордо, Калыс-Ордо конуштарында 24-февралда таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
"Мурас-Ордо конушунда 24-февралда саат 9:00дөн 17:00гө чейин, ал эми Калыс-Ордо конушунда саат 9:00дөн 18:00гө таза суу берүү убактылуу токтотулат.
Мындай ыңгайсыздык аталган эки конуштун суу алгычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.