super.kg logo
  Саясат  

Ош. Элдик жыйындын резолюциясы: "Аида Салянова кызматтан алынып, ага карата кылмыш иши козголсун"

 

Ош облусунун борбордук аянтында бүгүн, 22-ноябрда Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүүдө. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев элдик жыйындын резолюциясын окуп берди. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады. 

Резолюцияда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Аида Салянованы кызматтан алып, ага карата кылмыш ишин козгоо айтылды. Мындан сырткары Келдибековду үй камагына бошотуу, алтын кендерине байланыштуу кылмыш иштерине шектүү бийлик өкүлдөрүн камоо тууралуу жазылган. 

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. 

Депутатты бошотуу талабы менен кечээ, 21-ноябрда Ош облусунун Алай районунун жергиликтүү тургундары митингге чыгышкан. Митингчилер тарабынан тосулган жол кечки саат 17:15те ачылган. 

Бишкекте 21-ноябрда Ак үйдүн алдында да депутатты бошотуу талабы менен митинг өткөн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: