super.kg logo

Кийинки аптада той-аш өткөрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

 

28-февралда той-аш өткөрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунда жазылгандай, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн 200гө чейинки адамды чакыруу менен жүргүзүлөт. Ал эми үйлөнүү той салтанаттар 200дөн 300гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты 3төн ашык эмес жеӊил автомашинасын колдонуу менен өткөрүлөт.

Маркумду акыркы сапарга узатуу катышуучулардын санын чектөөсүз жана ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт. Маркумдун элесине арналган иш-чараларды 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт.

Парламенттик угууга катышууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.02.2022. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каттурак мыйзам киргизүү керек
21.02.2022. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кийит,сарпай жок деп да кошуп койгулачы. Керексиз нерселерге чыгым кылып,кытайлардын базарын кызытпай.
22.02.2022. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Күндүн жакшы жаңылыгы десе болчудай экен! Ушундай закондорду кабыл алгыла, казга теңелип өрдөктүн буту сыныптырдан болуп жатат, бири- бирине тең келебиз деп Россиядан иштеген акчаны бир күндө чачып берип жатат эл! Той сезондо 1 айда 4 тууганың той кылса банкротсуң, кой алып барасың, бир сыйра сарпай алышың керек... ал эле эмес адам көз жумса бир уй соёсуң же жылкы! Ушуларды жок кылсаго!
22.02.2022. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлгөн жерде өзбөктөрдөй кылып үч күн эч нерсе кылбай турган кылыш керек, а бизде жылкы союп тойдой кылып атышат.ресторанда бешик, үй, уул,кыз,тушоо тойлорду өткөргөндү жок эле кылыш керек. Баарынан да дасторконго канча сомдук нерсе коюу керектигине чек койбосо болбойт, ошонусу өтөт элдин санынан да. Орозо питирди деле канча сом экенин сурап туруп беребиз го, ошондой чек коюп койсо бай кедейи бирдей той берет эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: