super.kg logo

Акылбек Жапаров: "Биз өнөр-жай тармагын өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аймакта жайгашкан бир катар өндүрүш объектилерин кыдырып чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров 2020-жылы "Кант түтүк-шифер ишканасы" ЖЧК тарабынан курулган шифер чыгаруучу заводго барды.

Ишкананы кыдырууда анын учурдагы иши, өндүрүштү мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү пландары талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, аталган завод мыкты менеджердик ишти алып баруунун үлгүсү болуп саналат.

"Биз ар дайым ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого аракет кылабыз. "Баткен облусунун макамы жөнүндө" мыйзамдын алкагында ишканалар 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат. Биз өнөр-жайды өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз", - деди Акылбек Жапаров.

Белгилесек, шифер заводунун продукциясы Кыргыз Республикасынын аймагында гана эмес, коңшу мамлекеттерге – Тажикстанга жана Өзбекстанга да экспорттолот.

Акылбек Жапаров өндүрүштүк кубаттуулуктарды, анын ичинде газобетонду өндүрүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: