super.kg logo

10-класстын окуучусу программалоо боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль жеңип алды

 

Кыргыз өлкөсүнөн Айдар Мундузбаев Info(1) Cup программалоо боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-13-февралда жеткинчектер арасында программалоо боюнча VI эл аралык мелдеш өткөрүлдү.

Сынакка дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн, атап айтканда, Армения, Болгария, Венгрия, Грузия, Египет, Испания, Италия, Кипр, Кыргыз өлкөсү, Молдова, Орусия, Румыния, Сирия жана Украинадан 16 жашка чыга элек 160 окуучу катышкан.

Кыргыз өлкөсүнүн командасында төмөндөгү окуучулар мелдешке катышты:

1. Байторо Майрамбеков -Талас шаарындагы «Манас-Ата» лицейинин 9-классынын окуучусу;

2. Айдар Мундузбаев - Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу;

3. Максат Темирбеков - Бишкек шаарындагы «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин 9-классынын окуучусу;

4. Исхак Тажибаев - Бишкек шаарындагы «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин 8-классынын окуучусу.

Мелдештин жыйынтыгында Айдар Мундузбаев алтын медал жеңип алды.

Сынакты Румыниянын Прахова округунун Алдыңкы тажрыйба борбору уюштурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2022. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат.Медаль кут болсун.Кыргыздын сыймыктанган уулу бол.Эл керегине жарап,элге кызмат кыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: