Ош шаарында 4 миллион 350 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды
Ош шаарында 4 миллион 350 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык мэриясынын 2020-жылда чыгарылган токтомунун негизинде Р.А. аттуу жаранга Амир Темур кичи районундагы 500 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп, ага менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арызы толук канааттандырылып, мэриянын токтому жана мамлекеттик акт жараксыз деп табылды.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде 4 миллион 350 миң сомду түзгөн жалпы аянты 500 чарчы метр жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Dembele84

22.02.2022. 12:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайтарылышы кайтарылды,а ошол саткан итти камагыла!
Baha.Kyrgyzstan

22.02.2022. 13:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайтарганы жакшы.Ээми ал жерде кайрп сатпасаңар болду
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.