super.kg logo

Мектептен чыккандан кийин дайынсыз болууда. Чүйдө 16 жаштагы Нагия Имашова изделет

 

Чүй облусунун Сокулук районунда 16 жаштагы Нагия Имашова дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 21-февралда мектептен чыккан боюнча дайынсыз экенин Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Башкармалыктан билдиришкендей, 16 жаштагы Нагия Имашова Арал айылында жашайт. Ал 21-февралда саат 16:00 чамасында мектептен чыккан боюнча кайда жүргөнү белгисиз болууда.

Изделип жаткан өспүрүмдүн белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто салмакта, чачтары күрөң, кой көз.

Кийип жүргөн кийимдери: Агыш түстөгү күрмө, кара түстөгү классикалык шым, кызыл түстөгү жемпер, ак түстөгү көйнөк жана кара түстөгү кышкы бут кийим.

Эгерде изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35-35-29.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: