super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралды. Учурда 180 унаа кезекте турат

 

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралды. Учурда аталган пунктта 180 унаа кезек күтүп турганын Чек ара кызматынан кабарлашты. Мекемеден Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жаткандыгын кошумчалашты.

"Бүгүн, 22-февраль саат 10:30га карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын тыгыны байкалды. Чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө кезекте 180 оор жүк ташуучу автоунаа, анын 60 автоунаа документтерин күтүп жатышат.

Жогорудагы өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын тыгыны жүк ташуулардын көбөйүшү менен байланыштуу.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок. Чек ара кызматы бош жүк ташуучу унаалар Казакстанга "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга аларын эскертет", - дешет маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2022. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүрү ушундай качан караба казак манкалар кадырын салып отурат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: