super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Тургун: "Кадамжайдын Жаш-Тилек айылындагы мектептин курулушу 2013-жылдан бери токтоп турат"

 

Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылды.

Жергиликтүү тургундун айтымында, Кадамжай районунун Жаш-Тилек айылындагы Жаш-Тилек орто мектебине билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев иш сапары менен барды.

"Иш сапардын алкагында билим берүү министри аталган орто мектептин жанындагы курулушу токтоп калган мектептин курулушу менен таанышып, курулуш иштерин жандандырып, такыр көзөмөлүнө алууну убадалады.

Аталган мектеп 100 орундуу. Учурда бул мектепте 600 окуучу 3 мөөнөт менен окуп жатат. Мектептин жанында 2013-жылы жаңы мектептин курулуш иштери башталып, ушул күнгө чейин токтоп калган", - деп билдирди жергиликтүү тургун.

Окурман 2013-жылдан бери мектепке көңүл бурулбай калганын кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: