super.kg logo

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ички аскерлерге сыйлыктар тапшырылды

 

ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ички аскерлердин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ички аскерлердин кол башчысы Дамир Алыбаев, Ички аскерлердин аскер кызматкерлери, ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Анын ачылышында Ички аскерлердин кол башчысы Дамир Алыбаев салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап сөз сүйлөдү.

“Учурда Ички аскерлердеги жаңы муун, ардагерлерибиздин даңктуу жолун улантуу жана алардын калтырган осуяты менен кызматын аткарып келишет. Алар өздөрүнүн кайраттуулугун, кыраакылыгын жана Аскердик антка бекемдигин далилдөө менен мамлекетибиздин коопсуздугунун сакчылыгында кызмат өтөп келүүдө”, – деди Алыбаев.

Ошондой эле салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Ички аскерлердин топ кызматкерлери мактоо баракчалары жана баалуу белектер менен сыйланды.

Иш-чаранын соңунда көрүүчүлөргө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин чыгармачылык тобу тарабынан даярдалган атайын майрамдык концерт тартууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: